News

ОшМУнун 75 жылдыгына карата туристтик слет өткөрүлдү.

27.09.14.ОшМУнун 75 жылдыгына жана 27-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата Араван районундагы Чил-Устун балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунда Табият таануу факультетинин география бөлүмүнүн демилгеси менен Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар аралык туристтик слету өткөрүлдү. Слетко ОшМУдан “Географ” жана “Туризм”, ОшТУдан “Лидер”, РМСУнун Оштогу филиалынан “Оба-На”, ОГПИден “Ала-Тоо” командасы жана ОшМСУдан “Шамдагайлар” командалары катышып күч сынашты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Ош шаардык мэриясынын кичи залында 30-сентябрь күнү жогорудагы аталган командаларга, мыкты катышкан студенттерге, ЖОЖдордун активдүү катышкан профессор-окутуучу курамдарына жана туристтик ишканалар диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
2937 10:32 03-10-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|