News

16-май күнү "Табигый илимдер жана математика" кафедрасынын кезектеги жыйыны болуп өттү

Күн тартибинде каралуучу маселелер: 1.2019-жылдын 12-апрелиндеги «Ош Шамы» гезитинин №13 санында жарыяланган Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын доценттик кызмат ордун ээлөө конкурстук шайлоого Тешебаева У.Т.нын талапкерлигин сунуштоо. Угулду: кафедра башчысы ф-м. и. д., проф. Курбаналиев А.Ы. тарабынан 2019-жылдын 12-апрелиндеги «Ош Шамы» гезитинин №13 санында жарыяланган Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын доценттик кызмат ордун ээлөө конкурстук шайлоого Тешебаева У.Т.нын талапкерлигин сунуштоо менен тааныштырды. Жарыш сөзгө чыккандар: Курбаналиев А.Ы.: талапкердин эмгек жолу, анын илимий иштери, азыркы учурда иштеп жаткан иштери боюнча кеңири токтолуп, доценттик кызматка сунуштады. Окутуучу Алиева Ч.М., талапкердин илимий–педагогикалык ишмердүүлүгүнө токтолуп, ушул кызматка татыктуу деп эсептерин айтты. Жарыш сөзгө кафедранын окутуучулары Жумаева А., Иматали кызы К., Миталипова А.Н. ж.б. өз ойлорун билдирип, бир добуштан сунушташты. Кеңешменин жүрүшүндө талапкерге кафедра башчысы жана башка окутуучулар тарабынан ар түрдүү суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Кафедра башчысы ф-м. и. д., проф. Курбаналиев А.Ы. кеёешменин соңунда талапкерди сунуштоо жана доценттик ваканттык кызмат ордун ээлөө үчүн конкурстук шайлоого катышуусун колдоп берүү үчүн добушка койду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы: Добуш берүүгө кафедранын 11 мүчөсүнөн 9 катышты. “макул” - 9 “каршы” - жок “калыс” - жок Добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен кафедранын отуруму төмөнкүдөй токтом кылат: ТОКТОМ: 1.Тешебаева Урниса Тиленовнанын илимий–педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндөгү мотивдештирилген бүтүмү бекитилсин. 2.Тешебаева Урниса Тиленовнанын кандидатурасы «Табигый илимдер жана математика» кафедрасынын доценттик ваканттык кызмат ордун ээлөө үчүн конкурстук шайлоого катышууга сунушталсын.
1337 09:43 18-05-2019

                 

News

|< 12 13 14 15 16 >|