2019-2020 – жаңы окуу жылына карата дисциплиналардын Окуу-методикалык комплекстерин даярдоо максатында кафедрага тиешелүү дисциплиналардын тизмеси такталып, Сапат департаментине тапшырылды. Дисциплиналар тизмеси “560001-Дарылоо иши” адистиги боюнча бекитилген 5-жылдык эксперименталдык окуу планы жана жумушчу окуу пландарына ылайык түзүлүп, конкреттүү каралган кредиттери, семестрлери белгиленди. Аталган тизмени тактоо, иретке келтирүү жакындап келе жаткан аккредитация процесстерине даярдык көрүү иштерине негизделген.