Жанылыктар

б.и.д, профессор Бурул Каримованын 75 жылдык мааракеси.

Ош мамлекеттик университетинде жана ТТГФде 12-ноябрь күнү биология илимдеринин доктору, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,КРнын ИАнын мүчө-корреспонденти, “Данк” медалынын, “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси Бурул Каримованын 75 жылдык мааракесине карата салтанаттуу жыйын, “Биокөптүрдүлүктүү сактоонун актуалдуу проблемалары” деген темада эл аралык илимий конференция болуп өттү. Салтанатка КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бөдөш Мамырова, Кыргыз элинин Ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзубраимов, КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Кыргыз Республикасынын, Казак Республикасынын УИАнан өкүлдөр, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жайгашкан жогорку жана кесиптик окуу жайлардын ректорлору, Бурул Каримованын шакирттери, окутуучулары, кесиптештери, окумуштуулар, кесиптештери, студенттери катышышты жана илимий докладдар окулду.
2820 10:23 14-11-2014

                 

Жанылыктар

|< 30 31 32 33 34 >|