ОшМУда 2020-жылдын 28-ноябрында Zoom программасынын жардамында «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VII аймактык конференция болуп өттү. Ал жерде Кыргыз-Россия факультетинин методисти, Математика-жана информациялык технологиялар факультетинин бүтүрүүчүсү Алиева Зинат Исраилбековна пленардык кеңешмеде “Онлайн формасындагы билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу илимий докладын окуду. Аталган конференцияга 300дөн ашуун доклад келип түшүп, анын ичинен 200дөй доклад тандалып алынды. Докладдар темаларга жараша секцияларга бөлүнүп, кызуу талкуулар жана суроо-жооптор менен коштолду.
![](https://base.oshsu.kg/images/glaza.png)
![](https://base.oshsu.kg/images/ocloc.jpg)
![Facebook\'та жар салуу](../../images/pd/11.png)
![Google белгилеринде сактоо](../../images/pd/12.png)
![LiveJournal\'да жарыялоо](../../images/pd/13.png)
![Мой Мирде жар салуу](../../images/pd/14.png)
![Одноклассникигe кошуу](../../images/pd/15.png)
![Twitter\'ге кошуу](../../images/pd/16.png)
![В Контактеде жар салуу](../../images/pd/17.png)
![Yahoo!\'га кошуу](../../images/pd/18.png)
![WhatsApp!\'да жарыялоо](../../images/pd/19.png)