Волейбол боюнча кыздар арасында "Декандын кубогу"
13:38
8-март "Аялдардын эл аралык майрамына" карата Кыргыз-Еаропа факультетинде спорттун волейбол түрү боюнча "Декандын кубогу" кыздар арасында уюштурулуп, мелдешке факультеттин 1-4-курстун кыздары өз адистиги боюнча команда курап, мыкты оюн көрсөтүштү. Бардык командалар мыкты даярдык менен келгени байкалып турду. Окутуучу эжекелер да өз командасы менен катышып 3-орунду ээлешти. "Декандын кубогун" 531800 “Европа таануу” адистигинин кыздары багындырды. Катышуучулар кубок, диплом, медал жана декандын автордук китеби менен сыйланды.
Жыйынтык төмөндүгүдөй болду:
1-орун: ЕВ(б)-1-20 командасы
2-орун: МБ(б)-1-2-20 командасы
3-орун: Эжекелер командасы
4-орун: МП командасы
687 13:38 11-03-2021