Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомединицалык инженерия программасы үчүн иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду
18:32
АССТ кафедрасы тарабынан Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомединицалык инженерия программасы үчүн иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду Иш-чаранын негизги максаты – Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия программасы багыты боюнча студенттерди даярдоодогу негизги билим берүү программасын (НББП) жакшыртуу максатында, окуу программаларын (элективдүү курстар, практикаларды) талкуулоо о.э. иш берүүчүлөрдүн суроо – талаптарын жана сунуштарын угуп, сиздер менен болгон байланышты чыңдоо менен НББП эксперттик курамын түзүү болуп саналат. Иш чарага катышкан мекемелердин тизмеси төмөнкүлөр.
Жумуш берүүчүлөр
1. Алдашүкүров Ырысбек Абдыжапарович – ЦУМдун директорунун орун басары (Ош шаарындагы жалпы 11 поликлиниканы караган ҮДБ)
2. Рысматова Флора Таштемировна –м.и.к., Директор МЦ "Ак-Куу"
3. Асанбек кызы Айпери - Областык орукананын директорунун орун басары.
4. Маманова Гүлдөй Аматовна - ОсОО “Ооруба” Медлайн жетекчиси
5. Омүрбекова Каныкей - "Бэман" дарылоо-диагностикалык борборунун финансылык директору
6. Алманбетова Назира - Ош шаарынын №9 поликлиникасынын башкы дарыгери.
“Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия ” программасынын медицина багытындагы дисциплиналарын тейлеген кафедралардын башчылары
1. Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич – Анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы
2. Мамаев Түгөлбай Мамаевич - Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы
3. Тайчиев Имамназар Тайчиевич - Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы
АССТ кафедрасынын профессордук-окутуучу курамы жана адистиктин жетекчилери
1. Чамашев Марат Кахарович -“Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия” программасынын жетекчиси
2. Сарыкова Жумагүл -“Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия” программасынын проект жетекчиси
294 18:32 11-03-2021