Аталган конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын окумуштууларынан сырткары Россия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстандан окумуштуулар онлайн катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, уникалдуу Алай породасындагы койлордун автору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россиянын Айыл чарба илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин ишмердүүлүгү батында баяндамалар жасалды. Ошондой эле секциялык иште табигый жана айыл чарба илимдеринин актуалдуу маселелери талкууланды.