Ош мамлекеттик университетинде 6-майда студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму-
студенттик акыйкатчысына шайлоо өттү.
Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден 192 делегат добуш
беришти.
Алгач университетте 2 жыл аралыгында студенттик акыйкатчы аппаратын
жетектеп келген Адилет Абдырахманов аткарылган иш-аракеттери боюнча
жыйынтык отчетун берди. Андан соң студенттик акыйкатчы аппаратына
талапкерлигин койгон 5 студент өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып,
суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон Чыгыш таануу жана тарых
факультетинин 4-курсунун студенти Бекжан Жумабаев студенттик акыйкатчы
аппаратына шайланды. ОшМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров
шайлоонун төрагасы кызматын алып барды.
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда
түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөт
менен бир жолу шайланат. Акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык,
академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылат.