Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн курулган 2 окуу лабораториясы ачылды. Салтанатка министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.