ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин колдоосу менен физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасынын материалдык техникалык базасы жалпы баасы 1462538 сом турган жаңы заманбап окуу лабораториялык жабдуулар менен толукталды. Энергетика кафедрасында окутулуучу төмөнкү дисциплиналары боюнча:
§ Электр менен камсыздоо системдериндеги электр коопсуздугу (25 лабораториялык иш);
§ Электр менен камсыздоо системдериндеги релелик коргоо жана автоматика (9 лабораториялык иш);
§ Электроэнергетикалык системдер жана тармактар (10 лабораториялык иш);
§ Электр жабдууларын монтаждоо, куроо жана иштетүү (24 лабораториялык иш);
§ Электрдик машиналар (12 лабораториялык иш);
§ Виртуалдык заманбап лаборатория (46 лабораториялык иш) алынды.