Новости

Ош мамлекеттик университети менен Украинанын Полтава мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Темасы: “Жаныбарлардын кардиология жана анестезиология боюнча актуалдуу көйгөйлөрү”

Конференциянын жүрүшүндө аталган тема боюнча теориясын жана практикалык көргөзүүнү Польша Республикасыннын Торуни шаарындагы Миколи Коперника атындагы университеттин хабилитированный доктору, профессор Урсула Паславська айтып, көргөзуп берди.

Максаты: Ветеринария тармагында заманбап техникаларды колдонуу менен илимий методикаларды өздөштүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жана биргеликте илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен адистерди даярдоо.

Жыйынтык: Ош мамлекеттик университети менен Украинанын Полтава мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Полтава мамлекеттик агрардык университетинин ветеринария жана агрономия факультеттери менен ОшМУнун Табият таануу жана география факультетине караштуу айыл чарба кафедрасынын ортосунда кафедранын окутуучулук курамынын илимий даражаларды алуу (РhD-доктор философия, Philosophiæ Doctor, Ph. D.) боюнча аспирантурага тапшыруу, биргеликте илимий иштерди жүргүзүү менен жыйынтыгын абройлуу илимий журналдарга жарыялоо жана башка окуу жана өндүрүштүк процесстерге байланыштуу маселелер талкууланды.

222 16:29 04-11-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 >|