News

12.11.2021ж. “PhD программаларын иштеп чыгуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалына салым кошуу” аттуу тегерек стол

Бүгүн, 12-ноябрь Ош мамлекеттик университеттинин клиникалык базаны өнүктүрүү жана дарылоо иши боюнча проректор, профессор Калматов Роман Калматович Бишкек шаарында өтүп жаткан “PhD программаларын иштеп чыгуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалына салым кошуу (Вклад в экономический потенциал Кыргызской Республики через развитие программ PhD)” аттуу тегерек столго катышууда. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Erasmus уюму тарабынан уюштурулган.

Бул иш-чаранын алкагында Кыргызстанда PhD программасын өнүктүрүү, уюштуруу, КРнын илим жаатында жаңы мыйзамы, Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк, Erasmus+Dereckа программасынын мисалында доктордук программаны ишке ашыруудагы учурдун көйгөйлөрү жана перспективалары боюнча презентация жана талкуулар жүрөт.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Улуттук илидер академиясынын, КРнын Президентине караштуу улуттук аттестациалык коммисиясынын, КРнын Жогорку Кеңешинин, Мистрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышууда.

479 10:55 12-11-2021

                 

News

|< 14 15 16 17 18 >|