News

Студенттер “АЛЬФАМЕД” диагностикалык борборунда

2021-жылдын 29-ноябрында “Жалпы хирургия” кафедрасынын окутуучусу К.А.Камчиев ЛБ-1-19 тайпасынын студенттерин “Лучевая диагностика”, “Рентгенология и мед.радиология. УЗИ, КТ, МРТ, ПЭТ” семинардык темасына байланыштуу теория менен практиканы айкалыштыруу максатында “АЛЬФАМЕД” диагностикалык борборуна алып барып, учурдун талабына дал келген медициналык жабдыктар менен тааныштырды. Семинардык сааттын жүрүшүндө кафедранын окутуучулары теорияны теорияны гана окутпастан ар бир өтүлүүчү тематикага байланыштуу окуу методикасын колдонуу менен практиканы чагылдырууга аркет жасап студенттерди шаарыбыздагы бир канча медициналык борборлор менен тааныштырып өтөт. Бул студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырат.

126 09:00 02-12-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|