Новости

АГИде «Алтын ортолук» белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 19-март бейшемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин 2-курсунун студенттери тарабынан даярдалган «Алтын ортолук» маданий иш чарасы болуп өттү. Бул иш чарага студенттердин ата-энелери жана жакын туугандары катышты. Программанын ачылышында институттун директору Р. Шамилов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Институттун тышкы иштер боюнча директордун жардамчысы Октай Четин, факультеттин деканы доц. С. Базаркулов, декандын орун басары доц. А. Эрматов өз сөздөрүндө үй-бүлө тарбиясынын маанилүүлүгүн баса белгилөө менен учурдагы диний билим алуунун зарылчылыгына да токтолушту. Мындан тышкары, ата-энелерден да чыгып сөз алып, окуу жайга ыраазычылыктарын билдиришти. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа иш чаранын негизин түздү. Келген конокторду факультеттин билим берүү процесси, окуу корпусу жана жатаканасы тааныштырылып, соңунда сый тамак берилди.
2580 14:07 30-03-2015

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|