News

13.12.2021г. Гамбург университетинин профессору Марина Тропманн-Фрик лекция окуду

Бугун 13-декабрь, 2021-ж. Ош мамлекеттик университетинин PhD докторанттары жана аспиранттары үчүн дата илими (Data Science) жана чоң маалыматтар (Big Data) боюнча Германиянын Гамбург университетинин профессору Марина Тропманн-Фрик лекция окуду. Профессор Марина Тропманн-Фрик саламаттыкты сактоо багытындагы дата илиминде маалыматтарды чогултуу, иштөө жана аны изилдөө иштеринде колдонуу ыкмалары боюнча маалымат берди. Статистикалык, интелектуалдык анализ жүргүзүү, жасалма интеллект ж.б. ыкмалар боюнча айтып өттү. Маалыматтарды визуалдык жана сандар менен көрсөтүү жолдору боюнча да маалымат берди. PhD докторанттар жана аспиранттар активдүү катышып, кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.
489 12:44 12-02-2022

                 

News

|< 14 15 16 17 18 >|