Жанылыктар

“МЕНЕДЖМЕНТ жана БИЗНЕСТИ БАШКАРУУ багыттарынын негизги билим берүү программалары: кызыктар тараптардын көзү менен” аттуу кезектеги тегерек стол

2021-жылдын 24-декабрь күнү “Менеджмент жана маркетинг” кафедрасы жумуш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, студенттер жана профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте “МЕНЕДЖМЕНТ жана БИЗНЕСТИ БАШКАРУУ багыттарынын негизги билим берүү программалары: кызыктар тараптардын көзү менен” аттуу кезектеги тегерек стол уюштурду. Тегерек столдун жүрүшүндө “Менеджмент” жана “Бизнести башкаруу” багыттарынын окуу пландары кызуу талкууга алынды. Талкуунун жүрүшүндө бардык кызыктар тараптар өздөрүнүн сунуштарын, ойлорун билдиришти. Жумуш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр окуу планына конкреттүү дисциплиналарды сунуштоо менен биргеликте, практикаларын мөөнөтүн узартуу сунуштарын билдиришти. Айтылган сунуштар жогоруда аталаган багыттардын негизги билим берүү программаларын өркүндөтүүгө чоң салым кошот. Бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.
295 10:45 25-02-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|