Новости

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков АГИде

2015-жылдын 2-апрелинде Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетине «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрөгасы Н. Кадырбеков келип, окутуучулар жамааты жана жалпы студенттер үчүн конференция берди. Конференцияда «Ыйман» фондунун максаты, милдеттери жана иш аракеттери тууралуу кеңири сөз кылып, фонддун кыргыз коомчулугунда диний маданиятты өнүктүрүүдөгү ролу жана маанилүүлүгүн баса белгилөө менен бирге мамлекет менен диний чөйрөнүн бирдиктүү иш аракеттеринин маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды. Ошону менен бирге, Нуржигит Кадырбеков өзүнүн «Бир гана сен» аттуу китебинин бир нече нускасын факультеттин китепканасына белек кылды. Конференция катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен соңуна чыкты.
3187 10:25 03-04-2015

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|