Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик туусу кабыл алынганына 30 жыл. Буга байланыштуу ЭАББПКде профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.
Аталган иш-чара окуу жайда студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштар арасында өлкөбүздүн символикаларын урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.