Жанылыктар

Менеджмент предмети боюнча II Республикалык олимпиада, ОшМУ БиМ командасын куттуктайбыз.

2022-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Менеджмент» кафедрасы тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор аралык студенттик II Республикалык олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Кыргызстандагы 14 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун БиМ командасы 3-орунду камсыз кылды. «Сыйлык сизге – сыймык бизге» чакырыгы алкагында «Менеджмент» багытынын 2-3-курсунун студенттери Орозмаматова Айнуска, Токторова Назима, Вдовкина Александра, Абдыразакова Айжаркынды жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз жана мындан ары 1-2-орунду камсыз кылуусун каалайбыз.
303 00:29 26-03-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|