Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Кош кел, Ноорузум» аталышында иш-чара уюштурулду.
09:46
26-03-2022
261
Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Кош кел, Ноорузум» аталышында иш-чара уюштурулду. Анда студенттер менен окутуучулар кыргыз салттарын даңазалашты. Иш-чарага ОКББжКБ иштери боюнча проректору, доцент Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич ошондой эле санариптик технологияларын өнүктүрүү департаментинин директору Омаралиев Абдималик Чырмашевич конок берип кетишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк кайнатылып, улуттук стилде жасалгаланган жамаат улуттук кийимдерди кийишип, кыргыз каада-салттарын, ырым-жырымдарын көрсөтүп, үрп-адаттар тууралуу маалыматтарды айтып беришти.