2022 жылдын 14-18 март айында Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология; агрономия жана колдонмо геодезия кафедраларынын башчылары айыл чарба илимдеринин доктору, профессор А.Х.Абдурасулов жана биология илимдеринин кандидаты доцент Р.Т.Муратова Узбекстан Республикасынын Самарканд ветеринардык медицина институтунда “Кыргызстандагы айыл-чарба малдарынын генетикалык ресурсу жана ветеринария кызматынын өсүшү” деген темада конок лекция окуп мобилдүүлүк, кадрларды даярдоо, илим-изилдөө иштерин биргеликте алып баруу боюнча пикир алмашып эки жогорку окуу жайлардын ректорлорунун макулдашуусунун негизинде кош дипломдуулук боюнча келишим түзүлдү.