Жанылыктар

Эмне үчүн Эл аралык билим берүү программалары колледжи мүмкүнчүлүктөрдүн колледжи деп аталат?

Эмне үчүн Эл аралык билим берүү программалары колледжи мүмкүнчүлүктөрдүн колледжи деп аталат? Бул аталыш жөн гана кооз сөз эмес. Бул сөз – келечекке карай жаштардын умтулуусу жана мыкты билим алуунун даражасы. Эл аралык билим берүү программалары колледжи студенттердин келечегин түптөөдө чоң мүмкүчүлүктөрдү ачат, демек, билим алуу менен эле чектелбей, карьеранын башатын түзө алат. Университет кошумча көндүмдөрдү жана компетенцияларды ишке ашырууда бардык шарттарды түзүү менен келечектеги адис үчүн керектүү нерселер менен камсыз кылат. Муну көргөзүү үчүн "ЭАББПК – улуу мүмкүнчүлүктөрдүн колледжи" деген аталыштагы видеоэскиз ачык эле мисал боло алат. Анда университетте түзүлгөн шарттар менен тааныштырылып, мүмкүнчүлүктөрдүн даражалары көрсөтүлөт. Котормо иши адистиги англис, кыргыз, орус, түрк, англис, немец,корей, япон, түрк, араб, китай тилдерин билген, ата мекендик, Америка, Европа жана Чыгыш маданиятын жакшы билген котормочуларды даярдайт. Бизден алган билимдин негизинде, бүтүрүүчүлөр бакалавр даражасында окуусун улантууга, жаңы кошумча жана жакын кесиптерди оңой өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүктөр бар. ЭАББПК аяктагандан кийин төмөнкү жерлерде иштесе болот: • билим берүү системасында – мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринде (мектепке чейинки билим берүү мекемелери, мектептер, колледждер, ЖОЖдор); • тил курстарында; • котормо агенттиктеринде; • эл аралык уюмдарда жана элчиликтерде; • жалпыга маалымдоо каражаттарында (гезиттердин жана журналдардын редакторлору, басмалар, радио жана телевидение); • туристтик агенттиктерде; • ар түрдүү профилдеги ата мекендик жана чет өлкөлүк фирмаларда. Чет тили мугалими: Келечектеги мугалимдер чет тилин окутуунун методикасын, тил илимин үйрөтүп жаткан тилдин өлкөсүнүн адабиятын жана маданиятын жакшы өздөштүрүшөт. Колледжди аяктагандан кийин Кыргызстандагы “Филологиялык билим берүү” багыттары боюнча университеттерде билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүтүрүүчүлөр бир гана чет тили мугалими гана болуп чектелбестен, мамлекеттик органдарда, коммерциялык фирмаларда коомчулук менен байланыш, эл аралык байланыштар сыяктуу кесиптик ишмердиктин объектилеринде боюнча иштей алышат. Окуу процессинде модулдук технологиялар жана дистанттык билим берүү технологиялары колдонулат, электрондук окуу куралдары, чет тилин билүү деңгээлин билүү үчүн баллдык-рейтингдик система киргизилген. Студенттер чет тилдерин үйрөнүү боюнча оозеки кеби кабинеттеринде (talking club), онлайн жана оффлайн китепканаларында, компьютердик класстарда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
233 13:29 28-04-2022

                 

Жанылыктар

|< 15 16 17 18 19 >|