ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРАЙЫН ДЕП, БИРОК ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН КЕЧИГИП КАЛДЫНБЫ? КАТООДОН ӨТҮП, ТЕСТКЕ КАТЫШУУГА ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!
11:36
13-05-2022
273
Колледждин 11-БАЗА 2-КУРСТАРЫ жана 9-БАЗА 3- КУРСТАРЫ, Жалпы республикалык тестке кошумча каттоо
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРАЙЫН ДЕП, БИРОК ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН КЕЧИГИП КАЛДЫНБЫ? КАТООДОН ӨТҮП, ТЕСТКЕ КАТЫШУУГА ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!
КАТТОО КАЧАН БОЛОТ?
2022-жылдын 23-майында Жалпы республикалык тестке каттоо Ош шаарында болуп өтөт.
👉 КАТООДОН КАЯКТАН ӨТСӨ БОЛОТ?
Каттоо тест борборлорунда (ЖРТ боло турган №4 Киров, №20 И. Раззаков, №42 Керме-Тоо, №52 Кыргыз-Түрк достугу мектептеринде) тесттин администраторлору өткөрүшөт.
👉 Ар бир тест борборунда (№4 Киров, №20 И. Раззаков, №42 Керме-Тоо, №52 Кыргыз-Түрк достугу мектептеринде) каттоо 13.00дон 17.00 го чейин жүргүзүлөт.
👉 КАТТОО АКЫСЫ КАНЧА ТУРАТ?
Каттоо акысы – негизги тест үчүн 370 сом, жана ар бир предметтик тест үчүн - 370 сомду түзөт. Төлөмдөрү РСК банкына төгүш керек.
👉 ТЕСТКЕ КАТТАЛЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек:
👉1) Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
👉2) Паспорт, же аскер кызматындагыларга аскердик күбөлүк; Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
👉3) 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
👉4) мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы;
👉5) 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
👉Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!
👉Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары берилген СЕРТИФИКАТТЫ Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан АЛЫШАТ.
Толук маалымат алуу учун
Турдубекова Эльвира эжекеге кайрылсаныздар болот.
Байланыш номери: +996 772 991 837