Новости

“Кайрымдуулук парзыбыз”

Куратордук иш пландын негизинде Жакыпова Гулноза “Кайрымдуулук парзыбыз, ”деген темада тайпанын студенттерине сабак өтүп, Ош шаарында жайгашкан «Балдар жана уй-булоону Реабилитациолоо адистештируу борбору» жөнүндө маалымат берди. Өткөрүлгөн куратордук сааттан студенттер ата-энеси таштап кеткен балдардын күндөлүк турмушта туш келүүчү көйгөйлөрүн жон териси менен сезишип, боорукерлик сезимдери ойгонду десек жаңылышпайбыз. Сабакта студенттер ата-энеси таштап кеткен адамдар биз сыяктуу эле адам, болгону кээ бир иш-аракеттерде мүмкүнчүлүгү чектелген деген жыйынтык студенттер тарабынан чыгарылып,сабактын соңунда куратордун демилгесин студенттер колдоп,аларга жакындан жардам берип, кабар алып келүүнү сунушташты. ПДКК9-1-20 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте мээримдүүлүк, боорукердик,адамгерчилик сезимине кадам таштап ошол эле «Балдар жана уй-булоону Реабилитациолоо адистештируу борборуна» барып келишти
299 10:13 25-05-2022

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|