Жанылыктар

“Кайрымдуулук парзыбыз”

Куратордук иш пландын негизинде Жакыпова Гулноза “Кайрымдуулук парзыбыз”деген темада тайпанын студенттерине сабак өтүп, Ош шаарында жайгашкан «Балдар жана уй-булоону Реабилитациолоо адистештируу борбору» жөнүндө маалымат берди. Өткөрүлгөн куратордук сааттан студенттер ата-энеси таштап кеткен балдардын күндөлүк турмушта туш келүүчү көйгөйлөрүн жон териси менен сезишип, боорукерлик сезимдери ойгонду десек жаңылышпайбыз. Сабакта студенттер майыптуулугу бар адамдар биз сыяктуу эле адам, болгону кээ бир иш-аракеттерде мүмкүнчүлүгү чектелген деген жыйынтык студенттер тарабынан чыгарылып,сабактын соңунда куратордун демилгесин студенттер колдоп,шаарыбызда жашаган майыптарга жакындан жардам берип, кабар алып келүүнү сунушташты. ПДКК9-1-20 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте мээримдүүлүк, боорукердик,адамгерчилик сезимине кадам таштап ошол эле «Балдар жана уй-булоону Реабилитациолоо адистештируу борборуна» барып келишти
297 10:13 25-05-2022

                 

Жанылыктар

|< 13 14 15 16 17 >|