Өзбекстан Республикасынын Джизах облусунун Бахмал районунда
12-18-сентябрларда «спорттук туризм» боюнча Дүйнө Чемпионаты болуп өттү.
Чемпионатка Казакстандан, Өзбекстан, Россиядан, Тажикстандан ошондой эле
Кыргызстандан ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директордун тарбия
иштери боюнча орун басары Шарапов Исламбек Шерикпаевич агай жетектеген
студенттер Абдыкахарова Бегимай, Акимова Жасмина, Кантемиров Асилбек,
Усенов Бекмамат, Райымбеков Долонбий барып катышып 3-орунга ээ болушту.