Новости

АГИ дин таануу факультетинин студенттери Куттуу жумалыкка карата уюштурулган жарыштарда байгелүү орундарга ээ болду

2015-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас Университетинин теология факультети тарабынан Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө карата «Куттуу Жумалык» программасы уюштурулду. «Куттуу жумалык» программасына карата уюштурулган «Хадис жаттоо», «Көркөм окуу» жана «Пайгамбарыбызга кат» конкурстарына Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттери активдүү катышып, жыйынтыгында, «Хадис жаттоо» конкурсунан 1-курстун студенти Калдарбек уулу Бектур экинчи орунга ээ болсо, Азизов Ражабали, Махамадин уулу Абдрахман, Алымов Нурболот жана Дженалиев Мажнун кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду. Ал эми факультеттин окутуучусу Жунусалиев Бакытбек «Пайгамбарга кат» конкурсунан баш байгени жеңип алды. Бакытбек агайыбызга жана студенттерге байгелери куттуу болуп, көптөгөн байгелерди алуусун каалап кетебиз.
3380 16:03 21-04-2015

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|