Новости

Жогорку кесиптик билим берүү стандарттары боюнча маалымат-семинар.

2022-жылдын 20-апрель күнү 580200 “Менеджмент”, 580700 “Бизнести башкаруу” багыттарында сабак берген профессордук-окутуучулук курам “Менеджмент жана маркетинг” кафедрасынын башчысы, доцент Талайбек уулу Тариэль тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министлигинин 2021-жылдын 21-сентябрдагы № 1578/1 буйругу менен бекитилген 580200 “Менеджмент”, “Бизнести башкаруу” багыттары боюнча жогорку кесиптик билим берүү стандарттары боюнча маалымат-семинар уюштурулду.

Анын жүрүшүндө жаңы кабыл алынган мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын мурдагылардан өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары белгиленди. Профессордук-окутуучулук курам тарабынан суроо-жооптор кызуу талкууга алынды.

293 15:05 29-11-2022

                 

Новости

|< 6 7 8 9 10 >|