«Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын жамааты кафедранын профессору Ж.К. Акназарованы куттуктайт.
00:22
«Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын профессору, Борбордук Азиядагы глобалдык бизнес, изилдөөлөр жана практика академиясынын Регионалдык координатору Акназарова Жылдыз Корчубековнага 2022-жылдын 18-августында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери деген ардактуу наамы ыйгарылды.
«Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын жалпы профессордук- окутуучулук жамааты жогорку жетишкендиги жана татыктуу мамлекеттик сыйлыкты алышы менен куттуктайт жана сизге бекем ден соолукту каалайт.
294 00:22 04-12-2022