Жанылыктар

Эл аралык жайкы мектеп - ПОЛИМУС 2022.

Иш-чара 2022-жылдын 1-августан 10-августка чейинки аралыкта Фергана политехникалык игститутунда (Өзбекстан) болуп өттү. Жаш окумуштуулардын жана адистердин башкаруучулук сапатын өнүктүрүү максатында жайкы мектептин темасы «ДОЛБООРЛОРДУ БАШКАРУУ" деп тандалган. Жаңы долбоорлорду иштеп чыгууда чет өлкөлүк тажрыйбаларды, идеянын пайда болусунан долбоордук деңгэлге чейинки билимди алууда, катышуучулар долбоорлорду башкаруунун негиздерин окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Тажрыйба алмашууда Борбордук Азия мамлекеттеринин таланттуу жаштары катышты. Бул кызыктуу таанып билүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүүчү жайкы мектебинде биздин ОшМУнун БжМ факультетинин «Менеджмент» багытында окуган 4-курсунун МТ(б)-1-19 тайпасынын студенттери Абдразакова Айжаркын, Рузиева Севарахон катышты. Күндүн 45 градус ысыктыгына карабастан иш-чара өтө жогорку профессионалдык эл аралык деңгээлде өтүп биздин студенттер өздөрүнүн мыкты билим деңгээлдерин көрсөтүп мыкты натыйжага жетишишти жана Абдразакова Айжаркын «Мыкты креативдүү долбоор» номинациясын, Рузиева Севарахон « Мыкты социалдык долбоор» номинациясын утуп алышты. Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын жалпы профессордук- окутуучулук жамааты студенттерди А. Абдразакованы, С. Рузиеваны жогорку жетишкендиги жана татыктуу мыкты номинацияларды алышы менен куттуктайт жана бекем ден соолукту каалайт.
267 01:52 05-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 5 6 7 8 9 >|