Бизнес жана менеджмент факультетинин 1-курстарынын адаптациялык жумалыгы 2022-жылдын 25-августунан 30-августуна чейинки аралыкта болуп өттү. Бул аралыкта «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучулары «Менеджмент» багытына келген 1-курстун студенттерин кызуу тосуп алып куттуктады жана аларга жаңы окуу планы, быйылкы окуу жылындагы предметти жана окутуучуларды тандоодогу өзгөчөлүктөр, факультет жөнүндө, факультеттин структуралык бөлүмдөрү жана окуу процессине тийешелүү маалыматтарды айтып беришти.