2022-жылдын 23-ноябрында 2-курстун МТ(б)-1-21 жана УБ(б)-1-21 студенттери мене биргеликте «АЛАЙКУ Органикс» ЖКСна болгон көчмө лекция уюштурулду. Көчмө лекция «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучулары Султаналиева Н.Ш., Исламова У.Б. тарабынан уюштурулду.
Көчмө лекция төмөнкү предметтер боюнча өтүлдү:
Уюштуруудагы жүрүм-турум (темасы: Уюмдагы жүрүм-турумду башкаруу жана уюштуруу структурасы)
Ишкердүүлүк (темасы: Ишкердүүлүк ишмердүүлүгүндөгү коопсуздук)
Менеджмент (Жетекчилик: бийлик жана жеке таасир этүү)
Ишканада лекция өндүрүш боюнча аткаруучу директор Полотов Асыл жана «Промсталь» бөлүмүнүн башкы адиси Абдиев Мелис тарабынан өтүлдү.