2022-жылдын 24-ноябрында 3-курстун МТ(б)-1-20 тайпасынын студенттери мене биргеликте «АЛАЙКУ Органикс» ЖКСна болгон көчмө лекция уюштурулду. Көчмө лекция «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучулары Султаналиева Н.Ш., Исламова У.Б. тарабынан уюштурулду.
Көчмө лекция төмөнкү предметтер боюнча өтүлдү:
• Иштиктүү этика (темасы: Жумуш мене келген адамдарды кабыл алуу эрежелери)
• Маркетинг (темасы: Ишкананын сатуу саясаты)
• Бизнес ресурстарын башкаруу ( темасы: Өндүрүштөгү зарыл болгон ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун техникалык ыкмалары)
Ишканада лекция «Технополис» долбоорунун менеджери Аширбек кызы Айпери жана бизнести оптимизациялоо боюнча менеджери Зинин Алексей тарабынан өтүлдү.