Бүгүн, 2022-жылдын 12-декабрында «Ишкананы реструктуризациялоону башкаруу» предмети боюнча 4-курска МТ(б)-1-19 тайпасына жана кызыккан студенттерге «Финансыны реструктуризациялоо» темасында стейкхолдер – ЖАК «Кыргыз-Швейцариялык Банктын» Оштогу филиалынын директору Калдаров Аскар Мухтаровичтин катышуусу менен конок лекция өтүлдү. Лекциянын максаты, тапшырмасы толук чагылдырылып, студенттер тарабынан суроолор көп берилип, талкуу менен кызыктуу өттү.