Жанылыктар

Окутуунун натыйжаларын калыптандырууда кызыктар тараптардын ролу

2022-жылдын 13-декабрь күнү «Бизнес жана менеджмент” факультетинин «Менеджмент жана маркетинг” кафедрасы тарабынан кезектеги “Окутуунун натыйжаларын калыптандырууда кызыктар тараптардын ролу” аттуу тегереке стол уюштурулду. Тегерек столго ички (профессордук-окутуучулук курам, магистранттар, студенттер) жана тышкы (бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр) стейкхолдерлер чакырылды. Тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер талкууга алынды: 1) «Менеджмент» (бакалавр, магистратура), «Бизнести башкаруу» багыттары боюнча негизги билим берүү программалары бүгүнкү күндүн талаптарына жооп береби (жумуш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн, магистранттардын, студенттердин, профессордук-окутуучулук курамдын ой-пикири)? 2) Окуу планга жана практиканын программаларына кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл (жаңы предметтерди кошуу, окутуу ыкмалары ж.б.)? 3) «Менеджмент» (бакалавр, магистратура), «Бизнести башкаруу» багыттары боюнча бүтүрүүчүлөр кандай компетенцияларга жана окутуунун натыйжаларына ээ болушу керек (сунушталган вариантты талкуулоо)? Талкуунун жүрүшү суроо-жооп менен коштолуп, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр тарабынан бир катар сунуштар берилди. Берилген сунуштарды окуу процессине, окуу планга, практиканын программаларына киргизүү менен, студенттердин, магистранттардын окутуунун натыйжаларын калыптандырууга чоң көмөк көрсөтөт.
344 20:32 13-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 4 5 6 7 8 >|