Жанылыктар

«КМШнын мыкты студенти - 2022»

«Бизнес жана менеджмент» факультетинин «Менеджмент» багытынын 2-курсунун МТ(м)-1-21 тайпасынын магистранты Улукбек кызы Марина билим жана илимдеги ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом, «Мыкты студент-2022» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү менен сыйланды. Конкурс Казакстандын Билим-өркениети улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган. Сынакта катышуучулардын илимий –изилдөөчүлүк иштери, макалалары билим берүүгө кошкон салымы жана жасаган ийгиликтүү иш –аракеттери каралган. «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын жалпы профессордук- окутуучулук жамааты Улукбек кызы Маринаны жогорку жетишкендиги жана татыктуу сыйлыгы менен куттуктайт жана бекем ден соолук каалайт.
370 00:48 28-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|