Профессор Курманалы Матикеевдин эл аралык Кувейт университетиндеги конок лекциясы
08:02
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., проф. А.Г. Низамиев дайым колдогон, факультетибиздин географ окутуучулары башка ЖОЖдордо окуган конок лекцияларынын эн мыктыларынын бири - г.и.д., проф. Матикеев К. агайдын лекциялары болгону талашсыз. Бул жолу кезектеги иш-чара эл аралык Кувейт университетинде 2023-жылдын 27-январында болуп өттү. Лекцияда тарыхый географиядагы жана илимдеги азыркы проблемалар жөнүндө маселелер көтөрүлдү. Кувейт университетинин жана коллеждин студенттери көптөгөн суроолоруна толук, маалыматтуу жоопторду ала алышты.
422 08:02 31-01-2023