2023-жылдын 3-февралында STEM инновациялык колледжинин “Профессионалдык
дисциплиналар” бөлүмүнүн Колдонмо геодезия адистигинин жумуш берүүчүлөрү
менен ачык талкуу болду. Жолугушууга келген ишканалар:
-Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси
Төлөнөв Абдисайит Мойденбекович,
-Кара-Суу Архитектурасынын инженер-геодезисти Тургунбаев Турсунбек,
-Ноокат райондук шаар куруу жана арихитектура боюнча башкармалынын
жетекчиси Сулайманкулов Сайпжан Айтмаматович,
-Кадастр мамлекеттик мекемеси Ноокат филиалынын жетекчиси Турдубаев
Мамадияр башкы адис,
- Эмаком курулуш компаниясынын инженер геодезисти Нурматов Толкунбек
Абдусаттарович болду.
Ачык талкууга колледждин жетекчилиги,окутуучулары менен ишканалардын
жетекчилери адистиктин окуу программасы менен таанышып өз ойлорун айтып
талкуулашты.