News

ОшМУнун шахмат командасы Кыргызстандын атынан ММУнун кубогуна катышат

Бишкек шаарында 26-февралда шахмат боюнча Москва мамлекеттик университетинин Кубогуна тандоо иретинде өткөн командалык турнирде ОшМУнун командасы I орунду ээледи. Жеңишке жеткен команда 2023-жылдын 14-19-май күндөрү Москвада өтүүчү ММУнун Кубогу – 2023 турнирине Кыргызстандын ЖОЖдорунун атынан катышат.

ОшМУнун шахмат боюнча курама командасында шахмат боюнча чебер, дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледжинин окутуучусу, шахмат боюнча кандидат Нурказы Исираилов, STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти Бектемир уулу Кайратбек бар.

665 17:20 27-02-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|