Haber

АСс-9-1-20 тайпасынын студенти Бектемир уулу Кайратбек ОшМУнун шахмат командасы менен Кыргызстандын атынан ММУнун кубогуна катышат

Бишкек шаарында 26-февралда шахмат боюнча Москва мамлекеттик университетинин Кубогуна тандоо иретинде өткөн командалык турнирде ОшМУнун командасы I орунду ээледи. Жеңишке жеткен команда 2023-жылдын 14-19-май күндөрү Москвада өтүүчү ММУнун Кубогу – 2023 турнирине Кыргызстандын ЖОЖдорунун атынан катышат.

ОшМУнун шахмат боюнча курама командасында шахмат боюнча чебер, дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледжинин окутуучусу, шахмат боюнча кандидат Нурказы Исираилов, STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти Бектемир уулу Кайратбек бар.

559 17:20 27-02-2023

                 

Haber

|< 10 11 12 13 14 >|