Новости

АГИнин студенттери Талас облусунда «Биз кыргыздын урпагыбыз!» аттуу сармерден оюну уюштурду

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык окуу жайында Арашан гуманитардык институтунун студенти Данияр уулу Досмат жетектеген студенттик топ тарабынан Республика боюнча биринчи жолу Талас облустук мектеп окуучулары арасында «Биз кыргыздын урпагыбыз!» аттуу сармерден оюну уюштурулду. Оюнга Бакай-Ата району, Кара-Буура району жана Талас шаарынын кыздар жана жигиттери ат салышты. Калыстар тобун улуттук Сармерден доолбоорунун автору Сагынбүбү Ниязалиева, долбоордун «эрке баласы» Талант Карагулов жана бир топ белгилүү инсандар түздү. Кызыктуу таймаштын соңунда биринчи орунду Бакай-Ата районунун жигиттери багындырса, экинчи орунга Кара-Буура районунун кыздары ээ болушту. Программанын жүрүшүндө «Мыкты команда», «Мыкты оюнчу» номинациялары ыйгарылып, демөөрчүлөр тарабынан Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле баардык катышкан командаларга Арашан Гуманитардык Институту жана «Жаштарды колдоо» коомдук фондунан эки жүз даана адабий китеп, «Умай-Нур» коомдук кайрымдуулук фонддунан Ч.Айтматовдун сегиз томдук китебинен сегиз жыйнак, Республикалык «Манас»жаштар ордосунан Манас китептери тапшырылды. Сармерден оюнуна колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр: 1. Арашан гуманитардык институту 2. КР ЭМжЖМ ТО башчысы 3. Талас облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрү 4. Райондук билим берүү бөлүмдөрү 5. Талас шаардык мериясы 6. «Келечек» жаштары коомдук фондду 7. «Дил-Мүрөгү» жанан адеп –ахлак маданият борборунун Талас облустук өкүлү 8. «Асыл-Кенч» коомдук фонду 9. Республикалык «Манас»жаштар ордосу 10. «Жаштарды колдоо» коомдук фонду жана башкалар болду.
5037 15:44 14-05-2015

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|