News

Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамы белгиленди.

Улуттун улуулугу- анын тилинде - деп, улуу кеменгерлерибиз бекеринен айтпаса керек.

Улутубуздун улуулугун аныктаган тилибизди урматтап - барктоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
Бүгүн, бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чараны колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Р.Б.Сарыков ачып берип мугалимдерди студенттерди бүтүл дүйнөлүк эне тил майрамы менен куттуктады. Иш-чарада эне тилди даңазалаган көркөм окуу, улуттук бий, улуттук аспаптардын коштоосунда музыкалар, дубал газеталар тартууланды.
Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
Иш-чара, Кыргыз тили жана адабияты, манас таануу циклынын окутуучулары М.Апышова, Б.Алпаизова тарабынан уюштурулду.

503 18:03 28-02-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|