Улуттун улуулугу- анын тилинде - деп, улуу кеменгерлерибиз бекеринен айтпаса керек.
Улутубуздун улуулугун аныктаган тилибизди урматтап - барктоо ар бирибиздин
ыйык милдетибиз!
Бүгүн, бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата ищ-чара болуп өттү. Иш-чараны
колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Б.Р.Сарыков ачып
берип мугалимдерди студенттерди бүтүл дүйнөлүк эне тил майрамы менен
куттуктады. Иш-чарада эне тилди даңазалаган көркөм окуу, улуттук бий,
улуттук музыкалар, дубал газеталар тартууланды.
Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
Иш-чара, Кыргыз тили жана адабияты, манас таануу циклынын окутуучулары
М.Апышова, Б.Алпаизова тарабынан уюштурулду.