News

ЭЛДИ КУДАЙ САКТАЙТ, АНАН БУУДАЙ САКТАЙТ.

2023-жылдын 28-февралында ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде “Азыркы учурдагы айыл чарба өндүрүшүндө агрономдун милдеттери” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Ага Ош областтык айыл чарба багытындагы мекеме-уюмдарынын жетекчилери, райондук айыл чарба департаменттеринин башчылары (башка кызматкерлери), агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Айыл чарба өндүрүшүнүн азыркы абалы, көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, айыл чарба багытындагы адистерди даярдоонун зарылдыгы боюнча маселелер көтөрүлдү. Калкты жеткиликтүү азык-түлүктөр менен камсыз кылуу, айылдарды көтөрүү, тоо экосистемасын коргоо, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, малдардын санын оптималдаштырууда жер-жерлерде жогорку билимдүү адистер жетишпей жаткандыгы белгиленди.

402 13:54 01-03-2023

                 

News

|< 4 5 6 7 8 >|