Менеджмент предмети боюнча Республикалык олимпиада, ОшМУ БиМ командасын куттуктайбыз.
10:14
27-03-2023
410
2023-жылдын 24-мартында Бишкек шаарында К. Карасаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор аралык студенттик Республикалык олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Кыргызстандагы 13 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун БиМ командасы 2-орунду камсыз кылды. «Сыйлык сизге – сыймык бизге» чакырыгы алкагында «Менеджмент» багытынын 2-4-курсунун студенттери Абдазова Айжан, Курбанкулов Бектур, Топчубекова Айсезим, Вдовкина Александраны жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз жана мындан ары 1-орунду камсыз кылуусун каалайбыз.