Жанылыктар

Менеджмент предмети боюнча III Республикалык олимпиадада ОшМУ БиМ ГРАН-ПРИ.

2023-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика жана бизнес жогорку мектебинин «Менеджмент» кафедрасы тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча өткөрүлүп жаткан ЖОЖдор аралык III Республикалык студентик олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Кыргызстандагы 16 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун БиМ командасы ГРАН-ПРИ ни багындырды. «Сыйлык сизге – сыймык бизге» чакырыгы алкагында «Менеджмент», «Бизнести башкаруу», багытынын жана «Финансы жана кредит» профилинин 2-3-4-курсунун студенттери Топчубекова Айсезим, Абдазова Айжан, Мамаева Толкын, Абдыразакова Айжаркынды жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз.
339 13:53 06-04-2023

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|