Бүгүн ЭББПКнын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
07:04
10-04-2023
254
Бүгүн ЭББПКнын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
Чогулушка колледждин директору Кумарбек Ромашов , окуу иштери боюнча директордун орун басары Чубак Нишанов ,тарбия иштери боюнча директордун орун басары Давлятова Барчын, жана ошондой эле кураторлор, ата-энелер катышты.
Чогулушта колледж тууралуу жалпы маалымат, адистиктер, билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердиги, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, тартиби жөнүндө айтылды.
Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, алардын сунуш-пикирлерин угуу, студент балдарынын татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат.
Соңунда ата -энелер ЭББПКнын жамаатына, окутуучуларына өз ыраазычылыктарын билдиришти.