Новости

12-апрель Космонавтар күнү белгиленди

12-апрель Бүткүл дүйнөлүк Космонавтар күнүнө карата "Физика турмушта" аттуу иш чара болуп өттү. Иш-чараны колледждин директору ф.и.к.доцент, Б.К.Абдылакимова ачып берип, Космонавтар күнү менен студенттерди куттуктады.

Иш-чара колледждин студенттери тарабынан даярдалган дубал гезиттер, ар түрдүу макеттер, конкурстар жана интелектуалдык оюндар менен коштолду.
Конкурстун жүрүшүндө, Окуу иштери боюнча директордун орун басары Р.Сарыков, Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.Асанов, Илимий иштер боюнча директордун орун басары А.Халмурзаев, окутуучу Т.Закирова студенттер тарабынан даярдалган эмгектерге калыстык кылып жеңүүчүлөрдү аныктады. Жыйынтыгында студенттер мыкты эмгектери үчүн ыраазычылык баракчалар, дипломдор менен сыйланышты. Иш-чара профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан уюштурулду.
605 11:07 12-04-2023

                 

Новости

|< 9 10 11 12 13 >|