STEM инновациялык колледжинин 2022-2023-окуу жылындагы окуу процессин аяктоо алдында 140212-«Электр менен камсыздоо /тармактар боюнча» адистигинин күндүзгү бөлүмүндө бүтүрүүчү III-курстун ЭСс9-1-20 тайпасынын студенттери диплом алдындагы тематикаларына байланыштуу теориялык билимин практикалык жактан бышыктоо максатында Кыргызстандын ири ГЭСтерине, Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Уч-Коргон энергетикалык мекеме-ишканаларынын түзүлүшү жана иштөө принцибин студенттерге көргөзүү максатында, экскурсиялык таанышуу үчүн 27-28-апрель күндөрү ГЭСтерге алып барып келишти. Практиканттарга методикалык жардам берүү жана аларды көзөмөлдөө максатында Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Маразаков Шавкат Адылбекович жетектеген жумушчу топ да барды.
Электр менен камсыздоо адистигинин студенттери экскурсияда
05:40